Орусиянын Воронеж шаарына жасалган чабуулда оор жараат алган бир адам набыт болду. Бул тууралуу шаардын мэри Сергей Петрин билдирди. Ал Телеграм каналына жаран ооруканада оор жараат алып комада жаткан жеринен үзүлгөнүн жазды.
Буга чейин Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев Украинанын 15-июлга караган түнү жасаган чабуулунда жалпы 27 киши жараат алганын, алардын 14ү бейтапканага жеткирилгенин билдирген. Маалыматтарга караганда, эки адамдын абалы оор.
Киев Воронежге жасалган сокку тууралуу комментарий берген эмес.
Ал арада Украинанын Аба күчтөрү Орусия 16-июлга караган түнү 400дөй дрон менен аткылаганын билдирди. Ага ылайык, Кривой Рог, Харьков жана Винница бутага алынган.
Мунун алдында Кривой Рогдогу жергиликтүү бийлик согуш башталгандан бери бул аймак узакка созулган тынымсыз аткылоого туш болгонун, 17 жаштагы бала оор жараат алганын билдирген. Винницада соңку чабуулда кеминде сегиз, ал эми Харьковдо үч адам жараат алды.
Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
АКШнын президенти Дональд Трамп шейшемби күнү Patriot зениттик комплекстери үчүн ракеталар Украинага жөнөтүлгөнүн билдирди, бирок анын чоо-жайын толук айткан жок.
"Алар Германиядан жөнөтүлдү, кийин алардын ордуна кайтарылып берилет. Баарын НАТО төлөйт. Айрым учурларда Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер бизге түз төлөйт", - деди Трамп.
Ушул айдын башында Вашингтон Киевге курал-жарактын айрым түрлөрүн берүүнү токтоткону белгилүү болгон. Мындай чечим Коргоо министрлиги АКШнын башка өлкөлөргө көрсөтүп жаткан аскердик жардамын карап чыккандан кийин, Американын улуттук кызыкчылыктары биринчи орунга коюлганы менен байланыштырылган.
Көп өтпөй Трамп Украинага Patriot системасын жөнөтүү тууралуу бир канча жолу убада берген жана анын акысын НАТО төлөрүн жарыялаган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Кошмо Штаттарынан жана Европа Биримдигинен курал алууда “оң жылыш” бар экенин айткан.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамптын соңку билдирүүлөрүн талдап чыгууга убакыт керектигин билдирди. "Интерфакс" маалымат агенттиги ага шилтеме кылып, Путин Трамптын айткандарына кийинчерээк комментарий бере аларын жазды.
"АКШнын президентинин билдирүүсү өтө олуттуу. Андагы айрым жагдайлар президент Путиндин өзүнө жолдонгон. Вашингтондо айтылгандарды талдоо үчүн сөзсүз убакыт керек. Путин эгер керек деп тапса, сөзсүз комментарий берет", - деген Песков.
Шейшембиде Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков дагы Трамптын билдирүүлөрүнө үн каткан. Анда Москва үчүн "кандайдыр бир талап, болгондо дагы ультиматум коюу мүмкүн эмес экенин" билдирген.
Мунун алдында Трамп Орусия 50 күндүн ичинде Украинадагы урушту токтотуу үчүн макулдашууга көнбөсө, Москва жана анын соода өнөктөштөрү "өтө катаал" бажы тарифтерине кабыларын эскерткен. Ал бул тууралуу 14-июлда НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен Ак үйдө жолукканда айткан. АКШнын президенти тарифтер 100% чейин көтөрүлүшү ыктымал экенин белгилеген.
Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас АКШнын Орусияга карата катаал позицияга өткөнүн кубаттады, бирок расмий Москвага берилген 50 күндүк мөөнөттү "өтө узак" деп баалады.
"Президент Трамп Орусияга карата катаал мамилеге өткөнүн оң бааласа болот. Бирок экинчи жагынан, алар күн сайын бейкүнөө адамдарды өлтүрүп жатканын эске алганда 50 күн деген өтө узак мөөнөт", - деди Каллас журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Ал арада Трамп Би-би-синин Түндүк Америкадагы кабарчысына курган маегинде Путинден "көңүлү калганы менен ага биротоло чекит кое электигин, орус президенти менен мамилени биротоло үзүп коюуга даяр эместигин" айткан.
"Мен биз ал экөөбүз макулдашсак керек деп төрт жолу ойлодум. Бирок үйгө келсең эле ал Киевддеги төрөткананы бомбалап салганын, же ушул сыяктуу бир иштерди жасаганын көрөсүң. Мен анан өзүмө "шайтан алгырдыкы, мунусу эми эмне?" деп суроо бердим", - деген Трамп.
Андан кабарчы Путинге ишенип-ишенбесин сураганда, АКШнын президенти эч кимге ишенбесин айткан.