Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:08

Кыргызстанда жарым жылда 7 машина-трактордук станция түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жыл башынан бери 7 машина-трактордук станция (МТС) уюштурулду. Мындай маалымат Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча отчеттук жыйынында жазылган.

Азыркы учурга карай жалпысынан 178 машина-трактордук станция иштеп жатат. Өлкөнүн аймактарында айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн агротехникалык механизацияланган кызматтарды көрсөткөн мындай станцияларды уюштуруу 2016-жылдан тарта ишке кирген.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, 178 МТСтин ичинен 61и муниципалдык жана 117си жеке менчик болуп саналат. Алардын карамагында төрт миңдей айыл чарба техникалары иштейт.

Жалпысынан алганда, республикада 90 миңден ашык айыл чарба техникасы бар.

Шерине

XS
SM
MD
LG