Юристтер бул чаралар жеке маалыматтарды коргоо боюнча мыйзамга каршы келерин айтса, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мигранттарга кайрылып, мыйзамдашып алууга убакыт аз калганын эскертти.
"Талапка баш ийбегендердин сим-картасы өчүрүлүүдө"
Орусияда иштеп жүргөн мигранттар үчүн телефон колдонуу дагы татаалдады. Атын атагысы келбеген мигранттардын бири орус бийлиги “байланыш жөнүндө” мыйзамын жаңылап, сим-карта алыш үчүн биометрикалык маалыматты тапшырууну милдеттүү кылганын билдирди. Жаңы талаптарды аткарбаган мигранттардын сим-карталары июлдан тарта өчүрүлө баштаган.
“Элестетсеңиз, сим-карта алыш үчүн биз биринчи мамлекеттик кызматка (Калкты тейлөө борбору) барып, түндүк сымал тиркемесин ачып, катталабыз. Экинчиден, ырастама алган соң, банкка барып, ал жактан жүзүңдү, көзүңдү видео каттоодон өткөрүп, үнүңдү жаздырып, биометрикалык маалыматтарыңды тапшырасың. Үчүнчүдөн, ал жактан ырастама алгандан кийин уюлдук операторго документтерди тапшырган соң гана сим-карта иштейт. Эгер бирөөсүн кылбай койсоң, сим-картаң дагы иштебейт, банктык эсебиңди дагы бөгөттөп коюшат. Ошондо каражатыңа ээ боло албай, телефонуңда байланыш да жоголот", - дейт Орусиядагы мигранттардын бири.
Ал арада мигранттарды телефон аркылуу көзөмөлдөө үчүн атайын программа иштелип жатканын Москва шаарынын мэри Сергей Собянин РИА Новости басылмасындагы маегинде билдирди. Ал Орусиянын аймагына кирген мигранттар дароо сүрөткө тартылып, манжа издери алынып, телефонуна атайын тиркеме орнотулуп, ал аркылуу баскан-турганы каалаган учурда текшерилерин айтты. Телефондогу тиркемеден билдирүү келер замат мигрант жүзүн жана турган жерин көргөзбөсө, каттоого туруунун талаптарын бузган болуп эсептелет.
Сергей Собянин
«Ошондой эле маалыматтык технологиялардын жардамы менен кирип-чыкканын, каттоого турганын талдап турабыз. Мындан тышкары, кыймылын көзөмөлдөп, шаардын ичинде кайда жүргөнүн көрүп туруу үчун миграциялык каттоонун жаңы системасы кирип жатат. Каттоо мигранттын телефону аркылуу ишке ашат», - деп билдирди Москва шаарынын мэри Сергей Собянин РИА Новостиге курган маегинде.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Орусия мигранттарды телефондөн көзөмөлдөйт
"Мигранттардын укугу бузулууда"
Юрист Эрлан Токтосунов мындай чаралар жеке маалыматтарды коргоо мыйзамына каршы келип, жарандардын конституциялык укугун бузарын эске салды:
«Муну мигранттын ID-картасы деп коет. Бул 3 жыл мурда пайда болгон нерсе. ID-картасы менен телефондук тиркеме аркылуу мигранттын кайсы жерде жүргөнү, кайсы жерде жашап жатканы, жеке турмушу боюнча бардык нерсеге көзөмөл жүргүзүү максатында жасап жатат. Бирок ал Орусиянын конституциялык нормаларына карама-каршы келет. Мигранттан сурабай туруп көзөмөл жүргүзүүгө болбойт. Мигрант «силерге мага көзөмөл жүргүзгөнгө макулдук берем» деген макулдугун бериш керек. Бирок мунун дагы бир жагы бар. Эгер мигрант көзөмөл жүргүзгөнгө макулдугун бербей койсо, анда Орусиянын аймагына кирбейсиң деген шарт кошуп коюшу мүмкүн».
Москва шаарынын мэри билдиргендей, ар бир мигрантка электрондук карталар ыйгарылып, полиция ал аркылуу мигранттын макамын текшерип турат. Эгер электрондук картанын түсү кызыл болсо, мигрант дароо кармалат, сары болсо, эскертүү берилет, жашыл түс эркин жүрүүгө уруксат дегенди түшүндүрөт.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Орусия киргизип жаткан жаңы эрежелер Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагындагы келишимдерге каршы келерин белгиледи:
«Орусия азыр согуш абалында турганын унутпаш керек. Алар террористтерден коркуп, ушуга барып жатышат. Эми албетте, ЕАЭБдин алкагында бул маселени көтөрүшүбүз керек. Негизи биз ЕАЭБге кирип жатканда алар эркин капитал, эркин эмгек рыногу, эркин соода-сатык болот деп убада беришкен. Тилекке каршы, ал макулдашуулар иштебей жатат».
Элчинин кайрылуусу
Ал тапта Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев бул өлкөдө иштеп жүргөн мигранттарга кайрылып, мыйзамдашып алууга убакыт аз калганын эскертти.
Ал миграциялык бөлүмдөрдө кезек көп болуп жаткандыктан, Орусиянын тийиштүү мекемесине кошумча терезелерди ачуу, алардын иштөө убактысын узартып берүүнү сунуштаганын белгиледи:
Кубанычбек Бөкөнтаев
“Бүгүнкү күнү Орусияда кээ бир миграциялык бөлүмдөрдө кезек көп болуп жаткандыгы тууралуу маалыматтар келип түшүүдө. Ошондон улам Орусия тарап менен жогорку жетекчилерибиздин деңгээлинде эки тараптуу жолугушууларда жарандарыбызга шарт түзүп берүү боюнча өтүнүчтөрүбүздү туруктуу негизде жеткирип жатабыз. Учурда аймактык миграциялык бөлүмдөрдө кошумча терезелерди ачуу, алардын иштөө убактысын узартып берүү боюнча өтүнүчүбүздү келтирдик”.
Тышкы иштер министрлигинин май айындагы маалыматына караганда, Орусияда “кара тизмеде” 70 миңге жакын кыргызстандык бар. Укук коргоочулар реестрге кирген жарандардын саны мындан кыйла көп экенин белгилешүүдө.
Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган.