Басылма өзү кабарлагандай, “Клооптун” бери дегенде төрт кызматкеринин банк эсептери бөгөттөлгөн. Бишкектин Биринчи Май райондук соту эсептерди бөгөттөө боюнча токтомун июлдун башында чыгарган. Редакция эсептердин бөгөттөлгөндүгү тууралуу маалыматты банктан алышканын, соттун токтомун көрө электигин билдирүүдө.
Божомолдор боюнча, бөгөттөө УКМКнын “Клооптун” бир нече мурунку жана азыркы кызматкерлерине карата “массалык башаламандыкка чакыруу” кинеси боюнча козгогон кылмыш ишине байланыштуу болушу мүмкүн.
28-29-30-май күндөрү "Клооп Медиа" басылмасынын азыркы жана мурдагы 8 кызматкери, анын ичинде журналист, оператор, эсепчи Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында алты сааттай убакыт суракка алынган. Айрым журналисттердин үйүндө, медианын кеңсесинде тинтүү жүргөн.
Басылманын оператору Александр Александров жана мурунку кызматкери Жоомарт Дуулатов 48 саатка кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды 21-июлга чейин камакка алган.
Атайын кызмат 30-майда билдирүү таратып, “Клооп Медианы” “мамлекеттик органдар жөнүндө бурмаланган маалыматтар менен терс материалдарды жарыялап келген” деп айыптаган.
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “Клооптун” кызматкерлери иликтөөчү журналист Болот Темиров менен байланышта экенин, ал каржылап жүргөнүн Фейсбукка жарыялаган. Кыргызстандан мажбурлап чыгарылган Болот Темиров муну толук четке каккан.
Amnesty International эл аралык уюму чукул билдирүү жасап, “Клооп” басылмасынын кызматкерлерин кармоо "көз карандысыз журналистикага каршы басым-кысымды күчөтүүдө" деп сындаган. Кийин Human Rights Watch баштаган 10 эл аралык уюм Кыргызстандын бийлигин “Клооп Медианын” эки кызматкерине тагылган айыптоону алып, аларды бошотууга жана калган журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырган.