Апрелчилер Жогорку Сотко нааразы
Апрель окуясында жабыркагандар бүгүн Жогорку Соттун алдында чыгып, 2010-жылдагы кандуу окуялар боюнча соттолгон төрт адамдын мунапыс менен боштондукка чыгышына каршы акция өткөрүштү. Жалпысынан 50дөй адам чогулуп, айрымдары тосмого чыгып кеткени болбосо акция тынч аяктады. Чогулгандардын алдына Жогорку Сот өкүлдөрү чыгып, бардык маселе мыйзам чегинде чечилип жатканын, кийинки соттук отурум 20-июлда болорун айтышты. 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин борбордук аянтында ошол кездеги бийликке каршы чыккан 90дой адам окко учкан. Бул үчүн мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган айрым аткаминерлер сыртынан өмүрүнүн аягына чейин кесилген.
Чыгарылыштар
-
Июль 18, 2025
Газа: Чиркөөгө тийген соккудан үч киши набыт болду
-
Июль 17, 2025
АКШ Украинага Patriot ракеталарын жөнөттү
-
Июль 17, 2025
Дарыгерлер сабалды, министр жардам сурады
-
Июль 16, 2025
Сирия: Израил армиясы абадан сокку урду
-
Июль 16, 2025
УКМК Бишкектин вице-мэрин суракка алып кетти