Абактагы Султанбеков 23 күндөн бери ачкачылык кармап отурат
Коррупция менен соттолгондор сөзсүз абакка отурат. Жемкорлук менен жоопко тартылгандарды мамлекеттик кызматтарда иштешине өмүр бою тыюу салуу, алардын тууган-уругун да жумуштан кетирүү боюнча мыйзам долбоору парламентте биринчи окуудан өттү. Социал-демократтар партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбеков ачкачылык кармап жатканына 23 күн болду. Адвокаты анын ден соолугу тездик менен начарлап баратканын айтты. АКШдагы Йел университетинин изилдөөчүлөрү Орусиянын жогорку жетекчилери украиналык балдарды депортациялап, күчтөп асыроого берип, кайра тарбиялоо программасын ишке ашырып жатканын билдирди. Орус бийлиги балдарды уруштан коргоп жатканын айтып келет.
Чыгарылыштар
-
Июль 18, 2025
Газа: Чиркөөгө тийген соккудан үч киши набыт болду
-
Июль 17, 2025
АКШ Украинага Patriot ракеталарын жөнөттү
-
Июль 17, 2025
Дарыгерлер сабалды, министр жардам сурады
-
Июль 16, 2025
Сирия: Израил армиясы абадан сокку урду
-
Июль 16, 2025
УКМК Бишкектин вице-мэрин суракка алып кетти
Шерине